Мобилизация, фасилитация деген эмне?
Бардык сабактар
Сабак 10
Сабак 10
Мобилизация, фасилитация деген эмне?

Сабак 10

Коомчулукту мобилизациялоо. Мисал, көчөнү жашылдандыруу

Кээде мобилизация керектигин адамдар өздөрү байкабаган учурлар болот.

Бир айылда бак-дарактар, гүлдөр дээрлик жок дейли. Жаш балдар көлөкөдө ойной алышпайт. Окуучулар мектептен күн чакчайып тийген жол менен кайтышат. Жашоочулар муну көйгөй деп эсептешпейт, көнүп калышкан.

Бул маселени бак-дарак отургузуу, бадал, гүлдөрдү эгүү менен чечсе болот. Бирок, муну бир адам кыска убакытта жасай албайт. Демек, айылдын бардык тургундары жашылдандырууга катышуусу зарыл. Бул жерде жумуш көп: жерди оодаруу, бак отургузуу, сугаруу ж.б.

Ошентип, коомчулукту бир тапшырманын үстүндө бириктирүү мобилизация болуп саналат. Бир нече жылдан кийин жашоочулар бийик дарактуу жана кооз гүлдүү айылы менен сыймыктанышат.