Мобилизация, фасилитация деген эмне?
Бардык сабактар
Сабак 36
Сабак 36
Мобилизация, фасилитация деген эмне?

Сабак 36

«Ысык чай» ыкмасы деген эмне?

*Бул  оюн-зоок кечелер жана башка активдүү иш-аракеттер.

Тобуңуздагы адамдардын өз ара мамилеси максатты ишке ашырууда абдан чоң роль ойнойт. Анткени орчундуу маселени чечүү – бул команданын жалпы иши. Бул жерде ар бир кишинин салымы жана бири-бирине болгон ишеними абдан маанилүү. Ошондуктан, демилгечи тобуңуздун арасында кызыгууну, жылуулукту сактоого аракет кылыңыз. Демек, иштеп эле жүрө бербей убакытты шаңдуу өткөрүү ашыкча болбойт.  

Эми кантип деген суроого төмөнкүлөрдү карап өтөлү: 

Жолугушуулар жумуш атмосферасында гана эмес, жан дүйнөгө жаккыдай да болушу керек. Ошондуктан, жөө жүрүштөрдү же формалдык эмес жөнөкөй чогулуштарды уюштуруңуз.

Мисалы, маселени чагылдырган кинолорду чогуу көрүү, майрамдарды тосуу, туулган күндөрдү белгилөө жана башка жагымдуу сюрприздер. Команданын же мүчөлөрдүн ар кандай жетишкендиктери менен куттуктоо жана ыракмат айтуу дагы сонун бир мисал. Анткени, бир ийгилик кийинки ийгиликтин булагы.

Бул үчүн сыйлык, наамдарды ойлоп таап, баарына жаккан адаттарды киргизсеңиз болот. Сиздин ишиңизде болуп жаткан жаңылыктарды (видео, cүрөт же текст) соцтармактарда чыгарып турганыңыз баардыгына дем берет.

Жаңы бир нерсени үйрөнсөңүз, командаңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз. Коммуникациянын башчысы сизсиз.