Мобилизация, фасилитация деген эмне?
Бардык сабактар
Сабак 4
Сабак 4
Мобилизация, фасилитация деген эмне?

Сабак 4

Симуляция

Элестетип көрүңүз. Сиз алыс жакта эки тоонун ортосундагы бир айылда жашайсыз. 

Үй-оокаттан бошоп көчөгө чыкканда, көңүл ача турган жай жок. Кошуна айылдагы мигранттар жакында эле футбол аянтчасын салышкан. Ал сиз жашаган жерден 10 километр алыстыкта. Ал жакка автобус бир күндө бир жолу гана каттайт. Ошондуктан, кошуна айылдын футбол аянтчасына баруу ыңгайсыз.

Сиздин айылдын тургундарынын арасында «биз деле футбол аянтчасын ачалы» деген сөздөр жүрө баштады. Сиз бул кызыкчылыкты байкадыңыз: дал ушул көрүнүш мобилизация жасаса болот дегенди билдирет.

Сиз ата-энеңиз менен кеңештиңиз, кошуналарга айттыңыз. Ошентип, жашоочулар айыл өкмөттөн жардам сурашты. Бардык тургундар акча чогулта башташты. Ишкерлер жана мигранттардан да жардам келди. Жыйынтыгында, кичи футбол аянтчасын курдуңуздар. Футбол ойногондор көбөйдү. 

Эми сиз башка көйгөйдү байкадыңыз — сиздин көчөдө жарыктандыруу жок экен…