Мобилизация, фасилитация деген эмне?
Бардык сабактар
Сабак 22
Сабак 22
Мобилизация, фасилитация деген эмне?

Сабак 22

Симуляция. Аудиториянын түрүнө карата аракетти өзгөртүү

Сиз жашаган аймактагы үй-бүлөлөрдөн сурамжылоо жүргүзөйүн дедиңиз. Компьютерди кантип үйрөнсө болот жана ал чын эле керекпи — деген суроолорду бердиңиз. Алардын оюнча балдарынын компьютер колдонууну билбегени көйгөйбү же жокпу? Ошентип, сурамжылооңузга жалпы болуп 76 адам катышты жана сиз төмөндөгүдөй жоопторду алдыңыз.

  • «Азырынча аны ойлонбоптурмун» — 23 ата-эне баласынын компьютер колдонууну билбегенин байкаган эмес. Мындай жөндөм бар экенин деле билишпейт. Бул нерсе алардын жашоосуна кандай пайда алып келерин түшүнүшпөйт. 
  • «Көйгөй жөнүндө ойлонуп жүргөм»  — 27 ата-эне балдары компьютерди үйрөнсө келечекте пайдасы тиймек деп жооп беришти. Бирок, компьютер сатып алууга, алыс жактагы курстарга балдарын жөнөтүүгө каражаты жок.
  • «Көйгөйдү чечүүгө аракет кылып жатам» — 15 ата-эне «Балдар компьютер үйрөнүшү керек» деп жооп беришти. Жайкы каникулда балдарын шаардагы туугандарына жөнөтүп, окутуп жана компьютер сатып алууга акча чогултуп жатканын айтышты. 
  • «Көйгөйдү чечүүгө киришкем»  —  9 ата-эне компьютердик жөндөм маанилүү экенин көптөн бери билишет. Балдарын компьютери бар досторуна, туугандардыкына жиберишет. Телефондогу ар кандай тиркемелерди да колдонуп, Ютубтан видеолорду көрүшөт. 
  • «Көйгөйдү эбак чечип койгом» — 2 ата-эне азыркы заманда компьютерди билбесе болбойт деп жооп берди. Ошондуктан, алар программа жазганды жана графикалык редакторду колдонгонду үйрөнсүн деп балдарына компьютер сатып беришкен.   

Ушинтип сурамжылоонун жыйынтыгын алып, анализ жүргүздүңүз. Эми ар бир топко кирген ата-энелер менен өз-өзүнчө иш алып барууну пландаштырдыңыз.

Биринчи топтогу ата-энелерге балдардын компьютерди билиши керек экенин түшүндүрдүңүз. Ошондой эле, бул жөндөмдү алардын жашоо-шартында кантип үйрөнсө болорун айтып бердиңиз.

Ал эми экинчи топтогу ата-энелерге аракет кылып, балдарын компьютер курстарына жөнөтүү керек экенин айттыңыз.

Үчүнчү топтогуларга айылда компьютердик класстарды ачуу үчүн жогорку инстанцияларга кайрылса болорун түшүндүрдүңүз.

Төртүнчүлөрдөн башка ата-энелерге жолугуп, өзүнүн тажрыйба жана кенештери менен бөлүшүүнү сурандыңыз.

Бешинчи топтогу ата-энелерге балдарын башка балдарга ментор болуп, компьютерди үйрөтүүгө уруксат беришин өтүндүңүз.