Мобилизация, фасилитация деген эмне?
Бардык сабактар
Сабак 46
Сабак 46
Мобилизация, фасилитация деген эмне?

Сабак 46

Фасилитация. Эмне үчүн керек? Мисал 3

Элестетсеңиз, үй-бүлөңүз менен түшүмдөн түшкөн акчаны эмне кылсак болот деп талкууга чогулдуңуздар. Атаңыз, апаңыз, эки агаңыз, эки жеңеңиз жана сиз. 

Мал сатып алып, аны багып-семиртип, кайра сатып акчаны көбөйтөйлү.
Атаңыз менен апаңыз
Кичи автобус сатып алып, ижарага берели.
Улуу агаңыз
Үйдү жылытуучу тутумун оңдойлу
Ортончу агаңыз
Тигүүчү машина, оверлок сатып алып, бизнес кылалы.
Жеңелериңиз

Сиз болсо, бардык сунушту угуп, эң мыктысын тандоого жардам берүүнү чечтиңиз.

Башкача айтканда фасилитатор ролунда: «Мен суроолорду берем. Силер ар бир сунуштун артыкчылыктарын, кыйынчылыгын, чыгымдарын, туруктуулугун жана мөөнөттөрүн карап чыккыла. Анан бир сүйлөмдү “+” жана “-” менен баалайсыңар. Баарын салыштырып, жыйынтыгында жакшысын тандайбыз», — дедиңиз.

Сунушуңузду бардыгы колдошту. Ар бир сунушту бир-бирден карап, “+” жана “-” коюп чыгышты. Ошентип, сиз үй-бүлөлүк кеңешке фасилитацияны ийгиликтүү колдондуңуз.

Мисал: