Мобилизация, фасилитация деген эмне?
Бардык сабактар
Сабак 64
Сабак 64
Мобилизация, фасилитация деген эмне?

Сабак 64

Фасилитациядагы күтүлгөн көйгөйлөр

Ар дайым бир нерсени уюштуруп жатканда эки көйгөй чыга келет: күтүлгөн жана күтүлбөгөн. Андыктан аларды эртерээк элестетип, даярдык көрүп койсоңуз жакшы болот. Анда азыр күтүлгөн көйгөйлөрдү анализдеп, эмне кылышыбыз керек экенин карап көрөлү. 

⚠️ Кээ бир адамдар кечигишип жатышат. 

Көп учурда жыйналышка маалында келгендер кечиккендерди күтүүгө аргасыз болушат. Мындай учурда кечикпей келгендерге кандай бонустарды кылсам деп ойлонуп көрүңүз. Жок дегенде бир нерсе жеп отурганга мүмкүнчүлүк түзүңүз.

Ысык чай үстүндө маектешип, кечиккендерди күтүү алда канча жагымдуу болот. Катышуучулар бири-бири менен маектешип, чыңалган атмосфера жоголот. Демек, тескерисинче бул фасилитация үчүн пайдалуу.

Жардамчыларыңыз жолугушуунун башталышына 15 мүнөт калганда катышуучуларга телефон чалып тактасын. Балким, алар имараттын дарегин таба албай жүргөндүр. Мындай учурларды канчалык эрте тактасаңар, канча киши келе жатканын, канчасы келбей калганын так билип аласыңар. 

⚠️Бир маалда электр энергиясы өчүп калды. 

Сиз болсо проектордо бирдемелерди көрсөтүп түшүндүрүп жаткансыз. Электр жарыгы балким беш мүнөттө жанат же такыр күйбөй койсочу. Катышуучуларды үйүнө кетирген оңбу же баарлашуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаш керекпи?

Бул суроону катышуучуларга берип «таркайлыбы же калалыбы» деп добушка койсоңуз болот. Эгер мындай абалга алдын ала даярданган болсоңуз, анда презентацияңыз сөзсүз кагазга түшүрүлгөн ээ?

Анан да аябай жакшы репетиция кылгансыз, демек сизге проектордун деле кереги жок. Сөзүңүздү улантып кете бериңиз. (Аңгыча свет да күйдү)

⚠️Жолугушууга эч ким келбеди же өтө аз киши келди. 

2-3 адамга фасилитация өткөрүү маанисиз. Бирок, чакырууга реакция кылып, чогулгандарды баалабай коюу дагы туура эмес. Аларды активдүү позицияга чыгарып, пландалган жолугушуу, анын маанилүүлүгү, пайдасы жөнүндө кыска түшүндүрүңүз.

Биргеликте кийинки чогулушка көп адам келиши үчүн эмне кылса болорун талкуулагыла. Же болбосо ушул кичи группа менен репетиция кылып башынан аягына чейин өткөргүлө.

⚠️Өтө көп адам келди, бирок баарын жайгаштырчу орун жок. 

Барам деген адам жалгыз келбей, досторун же кайдыгер калбагандарды ээрчитип алышы мүмкүн. Эгер талкууланган тема орчундуу болсо, мен дагы барам дегендер болот. Мындай учур «шок» болбой, алдын ала даярдалган «Б» вариантыңызды колдонуңуз.

Мисалы, катышуучуларды эки топко бөлүп, эки фасилитатор иш алып барат. Кийин топтун чечимдерин биргеликте карап чыгасыңар. Ошондуктан жалгыз эмес, эки же үч фасилитатор иштесеңер болот. Жыйынтыгында, баарыңар жакшы тажрыйба да топтоп аласыңар. 

⚠️Аудитория сизди жакшы укпай жатат. 

Тажрыйбалуу болгонго чейин эки алып баруучу — эки фасилитатор болуп иштеген туура. Болгону бири-бириңерге жардам керек болгондо колдончу белгиңерди сүйлөшүп алгыла.

Катышуучуларды бөлүштүрүп, тартипти көзөмөлдөп турууга ар бир топтон лидер дайындасаңар да болот. Же кимдин колунда мисалы «микрофон» болсо, ошол адам гана сүйлөйт деген эрежени колдонгула.

Мындан башка ар кандай күтүлбөгөн көйгөйлөр чыгышы мүмкүн. Уюштуруучу тобуңуз менен даярданып, сценарий түзүп жатканда брейнсторминг ыкмасы менен ар кандай кырдаалдарды элестетип, аларды чечүүнүн жолдорун ойлонуңуз. Эгер сиз таптакыр күтпөгөн көйгөй жаралса, дүрбөлөң түшпөй катышуучулар менен чогуу чечкенге аракеттениңиз.