Мобилизация, фасилитация деген эмне?
Бардык сабактар
Сабак 9
Сабак 9
Мобилизация, фасилитация деген эмне?

Сабак 9

Коомчулукту мобилизациялоо. Мисал, көңүл ачуу кечесин уюштуруу

Окуу жылы аяктаган маал. Каникулга ар кимдин ар башка планы бар. Үч ай бою классташтар көрүшпөйт. Бул көңүл ачуу кечесин уюштурууга эң сонун шылтоо. Ал баарына сонун сюрприз болмок.

Мындай идея алгач эле класстын активистинин оюна келди. Бирок, аны өзү жалгыз уюштура алчудай эмес. Ошондуктан, ал бир канча достору жана ата-энелер менен кеңешип, чогуу даярдана башташты.

Бирөөсү тамак-аш бышырды, экинчиси үй тазалады, дагы бири музыка тандап, оюн-конкурстарды даярдады. Бул топ ушул тапшырманын үстүндө чогулушту. Башкача айтканда мобилизацияланды.

Ошентип, белгиленген күн да келди. Кече баарына жагып, коноктор жакшы маанайда тарап кетишти. 

Бул жерде ресурстар да, адамдар да мобилизацияланды — пландалган кечени ишке ашыруу үчүн баары кыймылга келишти.