Мобилизация, фасилитация деген эмне?
Бардык сабактар
Сабак 55
Сабак 55
Мобилизация, фасилитация деген эмне?

Сабак 55

Фасилитациядагы жок дедирбеген эрежелер

Эрежелерди кимдер эле жакшы көрсүн ээ? Тамаша. Негизи эле эреженин эмне кереги бар — баш аламан болуп кетпеш үчүн. Адамдардын чогулуп талкуу кылганынын себеби – бир чечимге келүү. Ошол максатка батыраак жетүү үчүн эрежелерди кармануу баарына ыңгайлуу болот.  

Универсалдуу эрежелердин мисалы:

  • Бири-бирин сыйлоо
  • Тема боюнча сүйлөө
  • 3 мүнөттөн ашык сүйлөбөө
  • Оюңду айтуу үчүн кол көтөрүү
  • Телефонду үнсүз режимге өткөрүү
  • Активдүү катышуу ж.б.

Эрежелерди кириш сөзүңүздү айтып бүтүп, жандандыруу көнүгүүлөрүн жасагандан кийин сунуштаңыз. 

«Чогулушубуз жакшы өтүшү жана биз жактырган сонун чечимдерге келүү үчүн оор эмес эрежелерди чогуу кабыл алалы. Кандай дейсиңер?» — деп катышуучулардан макулдук алыңыз. Себеби, катуу талап койгон эрежелер шайды кетирип, активдүүлүктү азайтып коюшу мүмкүн. 

Жолугушуунун форматына жараша маанилүү, бирок азыраак эрежелерди кабыл алыңыз. Анткени, 10-20 эрежени эч ким эстеп калбайт. Эреже болгону жардам берет, ал максат эмес. Ошондуктан, аны этияттык менен колдонуңуз. Катуу кызыгып, эрежелерди бузуп алгандарга кичипейилдик менен гана эскертип туруңуз.