Мобилизация, фасилитация деген эмне?
Бардык сабактар
Сабак 50
Сабак 50
Мобилизация, фасилитация деген эмне?

Сабак 50

Туура суроолорду кантип берүү керек?

Фасилитация — бул катышуучуларга даяр жоопторду эмес, а суроолорду берүү өнөрү. Демек, суроо — бул фасилитатордун куралы. Анын жардамы менен катышуучуларды туура багытка бурат. Болбосо, айтылган ойлор башаламан болуп, башка жакка кетип калышы мүмкүн.

Суроолор кандай функцияны аткарат:

Көңүлдү теманын алкагында кармап турат
Теманын маанилүү бурчтарын изилдөөгө жардам берет
Сүйлөшүүнү ылдамдадат
Адамдарды байланыштырат
Ойлорду бириктирет же ажыратат
Пикирлерди анализдөөгө түртөт
Тапкычтыкты (креативдүүлүктү) арбытат

Чогулуш башталганда позитивдүү үн менен берилген «Маанайынар кандай?» деген жөнөкөй суроо катышуучулар үчүн жагымдуу атмосфера түзгөнгө жардам берет. 

Суроолор кандай болушу керек?

Суроо баарына түшүнүктүү болушу керек
Суроо кандай максат менен берилип жатканы түшүнүктүү болсун
Суроо болушунча кыска болгону жакшы
Эки, үч же төрт суроо кылбай бир суроо берилсин
Суроо берип жатканда адамдын атын айтып кайрылуу керек
Суроо доско кайрылып жаткандай жылуу интонация менен айтылганы туура
Суроого жооп берилбесе, анда башкача кылып кайра берсе болот

Жакшы суроо жакшы жоопту жаратат. Кээде сиздин сурооңузга «туура эмес же таптакыр кыска» жооп келиши мүмкүн. Мисалы, «Бул көйгөй эми кантип чечилет?» деген сурооңузга «Мыйзам чегинде» деген жооп сыяктуу. Анда сурооңузду өзгөртүп: Ушул көйгөйдү чечүү үчүн кандай жол кармап, кандай ыкмаларды колдонуу керек, — деп дагы бир жолу сураңыз.

Эми суроолордун түрлөрүнө көз салалы. Алар кандай?

  • Тактоочу суроолор
  • Урматтоочу суроолор
  • Ойду өзгөртүүчү суроолор
  • «А балким» деген суроолор
  • Түшүндүрүүчү суроолор
  • Максатты тактоочу суроолор

Алардын ар бирин карап кетели.

1. Тактоочу суроолор

«Эмне», «кандай», «каякта», «качан», «кантип» жана «ким» деген сөздөрдү камтып, керектүү маалыматты топтогонго жардам берет. Ошондой эле аудиторияны ойготуп, талкууга толук кандуу кирүүгө көмөктөшөт.

Мисалдар:

  • Эмнени чечиш керек?
  • Бизге кандай маалымат керек?
  • Бул көйгөйдү чечүүгө ким жардам бере алат?
  • Канча убакытыбыз бар?
  • Кантип баштайбыз?
  • Бул идеянын автору ким?

Жакшы суроо бирөөгө баа бербейт жана эч кимди кемсинтпейт. Мисалы, «Дагы ким түшүнбөдү?» же «Сиз дагы деле түшүнбөдүңүзбү?» деген суроолордо баалоо, кемсинтүү бар. Ошондуктан катышуучулар чүнчүп, ойлорун ачык айтпай коюшат. «Кайсы жерди карап чыксак болот?» деген суроо нейтралдуу. Мындай суроо кызыгууну арттырат.

2. Урматтоочу суроолор

Катышуучулардын арасында ачык мамиле курууга жана бири-бирин угуп, урматтоого өбөлгө түзөт. Ишенимди жогорулатат.

Мисалдар:

  • Мен сизди туура түшүндүмбү?
  • Оюңузду доскага кантип жазалы?
  • Туура түшүндүрө алдымбы?
  • Баарыңыздар жазып бүттүңүздөрбү?
  • Тапшырманы аткаруу үчүн дагы канча убакыт берели?

Жакшы суроо катышуучуларды ойлонууга түртүп, кызыктырат жана негативден алыстатат. Мисалы, «Сизге кандай мамиле кылышын каалар элеңиз?», «Кандай учурларда өзүңүздү ыңгайлуу сезесиз?», «Сизге ишеним берген үч нерсени атаңыз» деген сыяктуу суроолор.

3. Ойду өзгөртүүчү суроолор

Башкача ойлонууга жардам берип, көптөгөн альтернативаларды табууга түртөт.

Мисалдар:

  • Дагы кантип жакшыртса болот?
  • Дагы эмне сунуштайсыңар?
  • Дагы эмне кылсак болот?
  • Башка ойлор барбы?

Жакшы суроо чектөөлөрдү алып таштап, кеңири ойлонууга шарт түзөт. Мисалы, «Эгер миллион долларыңыз болсо, эң биринчи эмне кылмаксыз?» деген суроо.

4. «А балким» деген суроолор

Талкууланып жаткан көйгөйдү ар бурчтан караганга, оригиналдуу чечимдерди тапканга жардам берет.

Мисалдар:

  • Элестетип көрөлү, сиз...?
  • Жакын арада кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?
  • Эгер биз күткөндөй болбосо, анда эмне кылабыз?
  • А эгер сиз мындай кылсаңыз эмне болот?
  • Эгерде биз анын ордуна ушуну кылсак, кандай болот?

5. Түшүндүрүүчү суроолор

Көйгөйдүн чечимдери, механизмдери жана алгоритмдери жөнүндө так маалымат алууга жардам берет.

Мисалдар:

  • Сиз сунуштаган идеяңызды группага кантип түшүндүрүп бересиз?
  • Идеяңызды колдогон кандай аргументтериңиз бар?
  • Сиз муну кантип жасайсыз?
  • Бул көйгөйдү чечүү үчүн эмне кылыш керек?

6. Максатты тактоочу суроолор

Группанын көңүлүн талкуунун максатынын айланасында кармоого жардам берет.

Мисалдар:

  • Темабыздан алыстап кеткен жокпузбу?
  • Максатыбыздын жанындабызбы?
  • Азыр эмнени талкуулап жатабыз?
  • Бул иш максатыбызга жакындатабы?
  • Кандай тапшырмаларды аткарып жатабыз?

Эгер фасилитациянын ийгиликтүү өтүшүн кааласаңыз, өзүңүзгө ишенгиңиз келсе, анда суроолорду алдын ала түзүп коюңуз. Суроолоруңуз ар кандай кырдаалга ылайыкталсын. Аларга кандай жооп аларыңызды да элестетиңиз. Даярдалган суроолорду досуңузга берип, канчалык түшүнүктүү, таасирлүү экенин байкап көрсөңүз да болот.