Мобилизация, фасилитация деген эмне?
Бардык сабактар
Сабак 28
Сабак 28
Мобилизация, фасилитация деген эмне?

Сабак 28

Контент даярдоо

Аудиторияга түз же кыйыр кайрылуунун жолдорун эми билесиз. Адамдардын көңүлүн кантип бурса болорун да үйрөндүңүз. Азыр болсо, ошол керектүү маалыматты туура жеткирүү жана аудиториянын ой-толгоосун ойготуу үчүн сизге жакшы контент, же башкача айтканда «маалымат» керек. Эми контенттин төрт форматы менен таанышалы: сиз окуп жүргөн текст, угуп жүргөн аудио (үн), көрүп жүргөн видео жана сүрөт. 

Жакшы контент беш башкы максатты аткарат:

  • Адамдын көңүлүн бурат
  • Оюңузду жеткирет (ойлондурат)
  • Ичиндеги ой-толгоосун козгойт (эмоция жаратат)
  • Ынандырат
  • Кыймылга келтирет

Текст 

Маалыматты жеткирүүнүн эң оңой, арзан же бекер жолу. Оюңузду дароо эле кагаз же онлайн баракчага жазып, аудиторияңызга кыска убакыттын ичинде жөнөтсөңүз болот. Бирок, текст жазган оңой болгону менен көп учурда ал окулбай калышы мүмкүн. Ошондуктан текстин маңызы көп жолу туураланып, кыскартылып, эң маанилүү ойлор гана калтырылып, күчтүү жана түшүнүктүү сөздөр менен жазылышы абзел. Текстңиздин темасы бул жерде ийгиликтин 70% түзөт. Канчалык сонун текст болбосун, адамдын көнүлүн бурбаса, ал таптакыр окулбай калышы мүмкүн. Ресурсуңар аз болсо жана көп адамга кайрылууну чечсеңер, анда бул формат абдан ыңгайлуу. 

Аудио

Аудио же үн менен берилген маалымат дагы да жеткиликтүү болот. Анткени окуганга караганда аудитория үчүн угуу дагы жеңилирээк. Оюңузду айтып жатканда сиз колдонгон оозеки сөздөр, эмоцияларыңыз жана кайсы сөзгө басым жасаганыңыз аудиторияны сизди угуп түшүнүүсүнө өбөлгө түзөт. Аудиторияңыздын бирөөсүнө телефон чалып, маселени талкуулаганыңыз бул аудио, Вотсапта үн билдирүүсүн жөнөткөнүңүз – аудио, элдин алдына чыгып сүйлөгөнүңүз – дагы бир аудионун мисалы. 

Видео

Адамдар көзү менен көргөн нерсеге батыраак ишенишет. Видео аркылуу идеяны, сунушталчу маселени элестеттирүү оңой. Ошондой эле, пландалган иштин масштабын, ордун, айлана-тегерегин көрсөтүү үчүн ыңгайлуу. Видео үн менен коштолгон болсо, анда кишилер бир учурда кадрды да көрүп, үн менен берилген маалыматты да кабыл алганга жакшы. Видеого кыска тексттерди кошуп дагы да күчтүрөөк кылса болот. Бирок, видеону монтаждоо, үн коштоо аз эмес каражатты талап кылышы мүмкүн. Эгер каражатыңыз жетиштүү болсо, идеяны адамдар элестетсин деп эсептесеңиз, анда видео жасаганыңыз туура. 

Сүрөт

Элестетүүнү ойготуучу куралдардын бири. Сүрөт — эмоция. Мисалы, тексттин жалгыз өзүн чыгарбай, сүрөт менен коштосоңуз, аудиторияңыз ортого коюлган теманы жакшыраак элестетишет. Мындайда адамдар аны жакшы эстеп калышат. Ошондуктан, шартыңызга карай жолугушууларга чакыруу, көйгөйдү көрсөтүү үчүн жана башка учурларда сүрөттү колдонуңуз. Мындан сырткары, сүрөт адамдын көңүлүн башка форматтарга караганда эң бат бурат. Бул жерде сүрөт дегенибиз фотография, тартылган сүрөт же дизайн маанисинде айтылат. 

Башында айтылып кеткендей аудиторияныз ар кандай болушу мүмкүн, бирөө окуганды жакшы көрсө, башкасы сүйлөшкөндү жактырат, кээ биринин көңүлүн сүрөт же видео менен гана бурууга оңой. Ошондуктан аудиторияңызды мобилизациялоо стратегиясын түзүп жатканда, кимдерге, кантип жана кайсы форматтагы контент менен таасир этсем болот деген суроолорду бериңиз. Болушунча бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, контенттин төрт форматын камтууга аракет кылыңыз.