Аудиторияңызда канча адам бар экенин билдиңиз. Алардын эң активдүүлөрүн тандап алдыңыз. Артыңызда «эмне кылуу керек?» деп адамдар карап турушат. Эми алар менен кантип иштөөнүн планын түзүүгө кез келди.
Аудиториянын портретин жакындан караңыз. Кагазга аттарын жазып, схема тартыңыз. Ким кимге таасир бере алат, ким кайсы кишиден көз каранды? Алар менен кантип байланышсак болот деген сыяктуу суроолорго жоопторду жазып чыгыңыз.
Аудиторияны жоопторуна жараша бөлүп алыңыз:
Эми ушул топтордун ар бирин ар башка аракет менен мобилизациялоо керек болот.
Бул топтогу адамдар көйгөйдү байкабай жүрүптүр. Андыктан аларга түшүндүрүү ишин жүргүзүү абдан маанилүү. Ал үчүн ар кандай далилдерди келтирип, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын көрсөтүп, сурамжылоонун жоопторун бөлүшкөн жакшы. Бул жерде эң негизги максат – адамдарга көйгөй бар экенин көрсөтүү.
— дегендерди бир нерсе кылалы деген чечимге жеткирүү керек. Алар менен бирге талкуу кылса болот — эгер көйгөйдү чечпесе, анда эмне болушу мүмкүн? Кесепети кандай болот? Ал биздин келечекке кандай таасирин тийгизет? Бул жерде эң негизги максат – кишилерге көйгөйгө кайдыгер болбоону түшүндүрүү.
Бул топтогу адамдар көйгөйдү чечүүгө даяр жана кызыкчылыгы жогору. Андыктан аларга кийинки кадамдарды көрсөтүү туура. Ошондой эле, максатка жетүү үчүн керектүү ресурстарды табууну үйрөтүп, кыймылга келтирүү зарыл. Бул адамдарга жакшы мисалдар абдан чоң түрткү берет.
Бул топтогу адамдар өз алдынча аракет жасап жүрүшөт. Балким, кандайдыр жетишкендиктери бар, же көп нерселерди билишет. Ошондуктан алар сизге абдан пайдалуу болушу мүмкүн. Бул жерде эң негизги максат – тобуңузга кошуу, алардын аракетин чоңойтуу, жаңы ролдорду берүү болуп саналат.
Бул топтогулар мурда бир канча жолу мындай көйгөйлөрдү чечип жүрүшкөн. Алар чоң тажрыйбага ээ, кайсыл аракет эмне жыйынтык берет же бербейт экенин жакшы билишет. Демек, алардан маселени анализдеп берүүнү суранса болот. Мурда алар кетирген кыйынчылыктарды кайталабоо үчүн кеп-кеңештерин да алыңыз.
Көрүп тургандай, ар бир топко өзүнчө ыкма талап кылынат. Бирок, кээ бир адамдар азыраак жардам берет го дебеңиз. Ар бир топтун салымы чоң. Болгону алардын активдүүлүгүн өстүрүү гана керек.
Адатта, биринчи жана экинчи топтун саны көп болот. Дал ошолорду активдештирүү жана мобилизациялоо сизге керектүү масштабты түзүүгө жардам берет. Анткени, кээ бир маанилүү маселелер көп адамдарга тиешелүү болгондо гана чечилет. Сиздин көйгөйүңүздүн артында аз адам болсо, анда ал кичинекей жана маанисиз көрүнүшү мүмкүн.
Ошондо канча адамды мобилизациялоо жетиштүү болот? Сизге так жоопту эч ким айта албайт. Бирок, чыныгы кызыккан адамдарды чакыруу маанилүү.