Сизге да сыр эмес: кээ бир жолугушууларда уйкуңуз келип, мээңизге эч нерсе кирбей калат. А сиз фасилитатор болгон иш-чарада кишилер уктабашы үчүн эмне кылыш керек? Билип алыңыз.
Ар кандай кырдаалга колдонулчу кыска көнүгүү
Катышуучуларды ордунан тургузуп, колуңарды алдыга созуп, мени карап тургула деп сурандыңыз. Аларга «Сөөмөйүңөрдү кыймылдаткыла» деп айтып, бирок өзүңүз баш бармагыңызды кыймылдатып коюңуз. Катышуучулар сизди кайталап, баш бармактарын кыймылдатышат. А сиз «сөөмөйүңөрдү кыймылдаткыла» деп эскертиңиз. Ушундай 1-2 мүнөттүк көнүгүүлөр катышуучуларды уйкусуратпай, сергек кармайт.