Фасилитация мыкты болгон жок — деген ой келди башыңызга. Балким башкалар эң жакшы өттү деп кетишти. Же тескерисинче — сиз жакшы деп ойлосоңуз, бирөөлөр жаман өттү деп сындашы мүмкүн. Эч нерсе эмес. Жасалган ишти кайра-кайра карап үйрөнүү — эң жакшы жол. Жолугуу бүткөн соң сценарийди ачып, башынан анализдеп чыгыңыз. Кийинкисинде дагы да жакшы болот.
Азыр бир канча ситуацияны карап өтөлү.
Программа, көнүгүүлөр, суроолор даяр. А бирок катышуучуларды көргөндө даярдаган нерсеңиздин баары аларга жарабайт экенин түшүндүңүз.
Эмнеге мындай болду:
Демек, аудиторияңыздын портретин изилдеген эмессиз.
Эми эмне кылыш керек:
Ошондуктан, бир нече варианттарды даярдап алганыңыз оң.
Катышуучулардан эки-экиден бөлүнгүлө же суроого жооп бергиле деп сурандыңыз. Алар айтканыңызды аткарышкан жок. Же «мындай кылалы», «бул бизге бул жакпайт», «андан көрө минткен жакшы», «биз мындай кылчубуз» — дей башташты.
Эмнеге мындай болду:
Фасилитатор — бул жардамчы адам. Демек, сиз өзүңүздү жардамчы катары тааныштырбадыңыз, кишилер ким экениңизди, ролуңузду түшүнгөн жок.
Эми эмне кылыш керек:
Мындай учурда өзүңүздү колго алып, кичипейилдик менен ордуңузду түшүндүрүп, алар менен кызматташканга аракеттениңиз. Анан кийинки жолугушуунун башында эле ролуңузду жана кантип жардам бере аларыңызды айтыңыз.
Катышуучулар узак талкуулашты. Берилген убакыт бүттү, бирок максатка жана жыйынтыкка жетпей калышты. Анткени үлгүрүшкөн жок.
Эмнеге мындай болду:
Демек, катуу кызыгып кетип, процессти көзөмөлдөбөй, күтүлгөн жыйынтыкты унутуп койгонсуз.
Эми эмне кылыш керек:
Анда жыйындын соңунда эмне үчүн бул талкуу маанилүү болчу — ошону ар бир катышуучу түшүнгөндөй айтып коюңуз. Аларда жолугушуу пайдасыз болгондой сезим калбасын. Ошондуктан, кийинки кадамдар жөнүндө айтып бериңиз.
Айрым бири-бирин жакшы тааныгандар бөлүнүп отуруп алышты. Бери жактагыларды унутуп коюп, өздөрүнчө бир нерселерди талкуулап жатышат.
Эмнеге мындай болду:
Демек, сиз катышуучуларды аралыштырып отургузбадыңыз. Башында кантип отурушкан болсо, ошол бойдон тим койдуңуз.
Эми эмне кылыш керек:
Катышуучуларды аралаштырып отургузуңуз. Жакшы тааныштар бир катарга же жакын отуруп калбагандай болсун.
Фасилитация учурунда эч ким үн катпай, жымжырт болуп калышканы жакшы көрүнүш эмес.
Эмнеге мындай болду:
Балким элдин баары телефонун чукулап жатышат. Же сөз эмне жөнүндө болуп жатканын түшүнбөгөндүктөн талкууга катышпай отурушат.
Эми эмне кылыш керек:
Тыныгуу бериңиз. Анан көйгөйдү баарына дагы бир жолу жарыялаңыз. Көйгөйдү катышуучулар өздөрү чечсин.