Мобилизация, фасилитация деген эмне?
Бардык сабактар
Сабак 43
Сабак 43
Мобилизация, фасилитация деген эмне?

Сабак 43

Симуляция. Фасилитация эмне үчүн керек?

Элестетип көрүңүз, үй-бүлө мүчөлөрү маанилүү суроонун үстүндө чогулушту же бир команда эмне иш алып барабыз деп талкуу баштады. Ири курултай же чогулуш өтүп жатат дейли. Дал ушул учурда фасилитацияга муктаждык жаралат. Анткени фасилитация болбосо, төмөнкү эки көрүнүш жаралышы ыктымал:  

Катышуучулар бир чечимге келе албай кыйналышат;
Жаш курагына же статусуна байланыштуу теңсиздик пайда болот.

Бул жерде биздин максатыбыз – ар бир катышуучуга сөз берүү.

Байкасаңыз керек, кээде окуучулар мугалимдердин, кызматкерлер жетекчилеринин алдында же улуу курактагы адамдардын жанында жаштар өз идеяларын коргоодон тартынышат. Кимдир бирөө байкатпай үстөмдүк кылышы мүмкүн. Балким катуу талкуу болуп, ар кандай пикирлерге убакыт жетпей калат. Же окшош идеялар эле айтылып, аларды тандоо кыйын болот.

Эми ушундай учурларды жакшы элестетүү үчүн кийинки мисалдарды карайлы.