Мобилизация, фасилитация деген эмне?
Бардык сабактар
Сабак 29
Сабак 29
Мобилизация, фасилитация деген эмне?

Сабак 29

Контенттин мазмуну кандай болушу керек?

Ооба, биз ар бир бөлүктө аудитория менен сүйлөшүү, байланышуу, аларды активдүү кылуу тууралуу улам сөз кылып жатабыз. Мунун баары сизге туура мобилизациялоого жардам берет. Анткени, ошондо гана сиздин көйгөйүңүз батыраак чечилет же максатыңызга эртерээк жетесиз.

Мына сиз аудиторияңызга контенттин кайсы форматы же форматтары менен кайрылууну чечтиңиз. Эми болсо бул контенттин ичиндеги мазмун кандай болушу керек экендиги жөнүндө сөз кылалы. Ал жерде төрт гана жөнөкөй пункт бар.

Алар:

  • Триггерлер
  • Мисалдар
  • Ой-толгоолор
  • Пайда 

Анда, азыр алардын ар бирин карап өтөлү.

1. Триггерлер

Адамдын оюна жана эмоциясына таасир берип, керектүү чечим чыгарууга түрткү болгон себеп – триггер болот. Сиздин контентти окуганда адамдын ичинде кандайдыр бир өзгөрүүлөр жаралышы керек. Ал кандай?

Эмоция

Кубаныч, кызыгуу, коркунуч, ачууланууга таасир бере турган кырдаал же объекттер. Мисалы, кичинекей бала арыктан суу ичип ооруканага түшүп калса коркунуч, кыжаалатчылык сезими жаралат. Үй-бүлөнүн жаңы бышкан азык менен тамактанып жаткандагы сүрөтү – бейпилдик сезимин козгойт.  

Элестетүү

Бул жерде үндөр, түстөр, визуалдуу образдар аркылуу адамдын башында ар кандай сүрөттөрдү чагылдыруу. Маселен, көчөдөгү аппакай баннердин бозоруп кеткендиги абанын булганганын көрсөтөт, анткени бозомук түс кирди чагылдырат. Же сүрөттө адамдын организминде кызыл чекит турганын көргөндө, ошол жер ооруп жатат деп элестетебиз.  

Сөз 

Кээ бир сөздөр адамга аябай катуу таасир бериши мүмкүн. Мисалы, кантип кирешени көбөйтсө болот, үч жөнөкөй эреже, ийгиликтүү болуунунун 10 кадамы деген сыяктуу сөздөрдү укканда кишинин ичиндеги ойлору ойгоно түшөт. Сиздин сөздөрүңүз бейкапар жаткан кишинин жан дүйнөсүндөгү гитаранын кылдарын дирилдетиши керек.   

Кыял

Ар бир адамдын ичинде кыялдар болот. Сыртка чыкпаса да, анын аткарыларына ишенбесе да, кыялдануу токтобойт. Ошондуктан, адамдарды чечим кабыл алууга жеткирген дагы бир курал — алардын кыялдарын ойготуу. Мисалы, жаңы моделдеги телефондун камерасына тартылган керемет видеолорду, тунук селфини көргөндө ошондой буюм алууну кыялданабыз. Же болбосо сууну алыстан ташып ичкендер үйүнүн короосунда кран чыгарсак деп кыялданышат. Анда аны контентте колдонуу туура.

2. Мисалдар

Көп учурда идеялар, ойлор жана максаттар башкалар үчүн түшүнүксүз болушу мүмкүн. Ошондуктан бул ойлорду ошол сиз кайрылып жаткан аудиторияга тааныш жана билип, көрүп угуп жүргөн мисалдар аркылуу салыштырып көрсөтүү натыйжалуу болот.

Эгер адам оюңузду түшүнбөй калса, канчалык ага маанилүү болсо дагы, көңүл бурбашы мүмкүн. Анткени ал бул мисал анын жашоосуна тиешелүү эмес деп ойлоп калышы ыктымал. Ошондуктан, кандай гана мисалдар болбосун, алар аудиторияга жакын болушу керек.

Мисалы, флэшкага көп маалымат батат экенин түшүндүрүү үчүн бул буюм 5 000 китепке сыйган маалыматты жайгаштыра алат деп айтыңыз.  

3. Ой-толгоолор

Адамдардын кызыкчылыктарын эске алып контент жасаңыз. Бардык аракетиңер аудиториянын «оорусун» билсин жана ал дарттын дарысын сунуштасын. Алардын оюндагыны окугандай, таап айткандай болуңуз. Сиздин сөзүңүз алардын көйгөйүн билет экениңизди далилдеп турсун. Ошондо аудитория сизди өзүнө жакыныраак сезип, ишенет жана чечим кабыл алат.

Мисалы, «Эгер бүтүрүүчүлөр үчүн кошумча курстарды ачсак, анда Жалпы республикалык тесттен жогору балл алып, жакшы окуу жайда бюджеттик негизде окуй алат» деген маалымат ата-энелердин каалоосун таап айтуу. Ошондой эле, «Тестирлөө жакындаган сайын кыжаалат болуп жатсаңыз керек», «Убакыт бар, биздин курстарга келиңиз» деген сыяктуу. 

4. Пайда 

Сиздин долбоорду колдогондо кандай пайда түшөт? Аудиторияңыз сиздин контентти көргөндө ага бул кандай пайда алып келерин дароо так түшүнүшү керек.

Мобилизациялоо бул бир кишинин ыктыярчылыгы эмес, ал көп адамдын бир жалпы пайдага жетүү каалоосунун үстүндө жүрөт. Эгер адамдар кандай пайда аларын көрбөсө же түшүнбөй калса, анда алар сиздин оюңузга кошулбашы мүмкүн. Ошондуктан контентти жаратып жатканда пайданын сүрөттөмөсүн так жеткирүүгө умтулуңуз.

Мисалы, айылга компьютер классын ачуу керек деген сунушту — анын ичине 10 компьютер коёбуз дегендин ордуна балдар компьютерди жакшы үйрөнүп жакшы маяналуу жумушка орношорун айтуу керек.