Мобилизация, фасилитация деген эмне?
Бардык сабактар
Сабак 32
Сабак 32
Мобилизация, фасилитация деген эмне?

Сабак 32

Чоң аудитория

Аудиториядагы адамдардын санын эсептесеңиз 80 эмес 3 000 киши чыкты. Бул чын эле чоң аудитория. Алардын ар бирине барып же чалып сүйлөшө албайсыз. Командаңыз менен чогулуп деле муну жасоо мүмкүн эмес. Жолугушуу өткөрөлү десеңер мынча кишини топтоо, имаратка батыруу кыйын. Анда мындай аудитория менен кантип байланыш түзсө болот?

Бул жерде сизде үч жол бар:

Социалдык тармакта жарыя же пост жазасыз
Маалымат каражаттары аркылуу кайрылуу жасайсыз
Баннер жана баракчаларды чыгарасыз

Бул жерде биздин контентибиздин форматтарын эстеп кетели. Бир маалымат менен көп адамга оюңузду жеткизип, аларды мобилизациялоо максаты турат. Анда сизге текст жазып, үнүңүз менен видео тартып, сүрөт чыгаруу ыңгайлуу.

Сиз көздөгөн 3000 кишинин баары эле сиздин контентиңизди көрбөшү мүмкүн. Бирок бул жерде эң негизги максат – ошол аудиториянын көпчүлүгүнө жеткизүү.

Эгер маселе абдан орчундуу болсо, анда адамдар сөз менен бири-бирине айтып же контентиңиз менен бөлүшүп, сиздин оюңузду башкаларга дагы жеткирүүгө аракет кылышат. 

Негизи эле чоң аудитория менен байланышуу абдан оор, бирок жакшы пландаштырып алсаңар бул мүмкүн. Балким ошол 3 000 кишинин ичинен эң активдүү жана маанилүү, авторитети чоң адамдарды чогултсаңыз жетиштүү болот.

Контентти чыгаруудан мурун бул чоң аудитория кайсы жерде маалымат алгандыгын билип алыңыз: эмнени окушат, эмнени көрүшөт, кимди угушат жана кайсы Вотсап группаларга жазылган деген жоопторду таап алыңыз. Жана дал ошол жерде өзүңүздүн контентиңиз менен бөлүшүңүз.  

Эми контентиңизди жөнөткөндөн кийин кызыгуулардын кайсы жерден келгенин билүүгө аракет кылыңыз. Эң акыркысы – дайыма социалдык баракчаңызда жаңылыктарды жана жетишкендиктерди жазып туруңуз.

Сизге сырттан көз салып жүргөндөр муну көрүп идеяларыңызга олуттуу мамиле кыла башташат. Балким, ойлонуп бирок финалдык чечимге келе албай жүргөндөр кошула башташат.