Коомчулукта көйгөйлөр болуп турат — бул кадимки көрүнүш. Туура ыкманы колдонгондо чоң көйгөй деле чечилет. Мисалы, ашар салтын эстеп көрөлү. Адамдар өз ыктыяры менен биргелешип эски көпүрөнү оңдошот, аялдама же бала бакча курушат. Сонун чечим, туурабы?
Бирок, коомдогу бардык көйгөй ашар жолу менен чечиле бербейт. Мисалы, бир маселенин чечимин тапса болот деп көзүңүз жете баштады. Сиз жалгызсыз. Эмне кылуу керек? Идеяңызды айтып, адамдарды бириктирсеңиз болот (мобилизация). Топтолгон кишилердин пикирин угуп, жалпы бир чечимге келесиңер (фасилитация). Мындай уюштургуч сапат сизде мурдатан эле бар. Аны жакшыртып, дагы да мыкты болушуңуз үчүн ушул курсту иштеп чыктык. Сизге таандык билимди алып калыңыз!
Курсту кандай өтүү керек?
Сизди жеңил түшүнсүн деп курска эки чоң тема койдук: мобилизация жана фасилитация. Ар бир темада 7-8 бөлүк болот жана алар кыска видеолордон турат. Ошондой эле, элестетүүңүздү ойготкон окуялар жана эс-тутумду жакшыртуучу тесттер менен коштолот. Улам бир бөлүктү көрүп, кийинкиге өтүп бара бересиз. Ыңгайлуу жана «жалпак тилде».
Бул курсту аяктаганда сиз: