Эсиңиздеби, мындан бир канча жыл эле мурун биринчи сенсордук телефон чыкканда фантастикадай көрүнгөн? Азыр эми бизди таң калтыруу кыйын, себеби дүйнө тездик менен өзгөрүп, ага көнүп бараткандайбыз. Барган сайын көп нерселер санариптешип, реалдуу жашоодогу кызматтар жана иш-аракеттер онлайн боло баштады. IT биздин жашообуздун бир бөлүгүнө айланууда жана бул тенденция улана бермекчи.
Демек, мындай өзгөрүүлөргө өзүбүздү даярдашыбыз керек. Болбосо, замандан артта калабыз. Айланадагылар менен бир толкунда болуу үчүн санарип көндүмдөрдү өнүктүрүү зарыл. Анткени, бул учурдун талабы.
Дал ошол көндүмдөрдү үйрөнүүңүз үчүн бул курста көптөгөн кызыктуу жана керектүү маалыматтарды атайын сиз үчүн даярдадык.
Бул курс 6 бөлүмдөн турат. Ар бир бөлүм бир нече 2-4 мүнөттүк видеосабактарды камтыйт. Сабактардын темалары бири-бири менен тыгыз байланышкан. Аларды Сайкал менен Нуржигит жөнөкөй жана кызыктуу кылып түшүндүрүп беришет. Бөлүмдөрдүн соңунда өтүлгөн темалар боюнча сизге тесттер берилет. Курстун аягында сиз көрсөткөн электрондук почтага онлайн-сертификатты жөнөтөбүз.